> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Баткен» бажысы 7.5 тонналык контрабандалык  жер семирткичти кармашты
- URL: https://im.kg/all/2022/02/26/batken-bazhysy-7-5-tonnalyk-kontrabandalyk-zher-semirtkichti-karmashty/
- Published: 2022-02-26T10:10:13.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Баткен» бажысынын кызматкерлери жалпы салмагы 7.5 тоннаны түзгөн контрабандалык жол менен ташылып келинген минералдык жер семирткичтерди аныкташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.** 

**«**Баткен**»** бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаарында КР жараны «Ж.у.А.» башкаруусунда «Mercedes-Benz 814» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

> Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 7500 кг болгон «Селитра» минералдык жер семирткичтери табылган. Жүк чектеш мамлекеттен бажы мыйзамдарын бузуу менен алынып келинген.

КР Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, кармалган товардын баасы 337 миң 500 сомду түзөт. Бул факты боюнча материалдар «Баткен» бажысында каралууда.

> Белгилей кетсек, Кыргызстан бир дагы кг минералдык жер семирткич өндүрбөйт, толугу менен [импортко көз каранды](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/14/kyrgyzstan-bir-dagy-mineraldyk-zher-semirtkich-nd-rb-jt-importko-k-z-karandybyz-ministr/). Жер семирткичтердин негизги бөлүгү – 85-87% Өзбекстандан, ал эми фосфордук, аммофос, калийдик жер семирткичтер болсо Россиядан жана Казакстандан келет.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/selitra.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/selitra.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/selitra2.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/02/selitra2.jpg)