> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бишкек Парк», «Айчүрөк», «Бета Сторес». Бишкектеги ири соода борборлордун ээси ким?
- URL: https://im.kg/all/2022/02/26/bishkek-park-ajch-r-k-beta-stores-bishkektegi-iri-sooda-borborlordun-eesi-kim/
- Published: 2022-02-26T16:09:10.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:10:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**[Govori.TV](https://govori.tv/) маалымат порталы [Юстиция министрлигинин](https://register.minjust.gov.kg/register/SearchAction.seam?logic=and&cid=204) электрондук базасындагы маалыматтардын негизинде, Бишкектеги ири Соода борборлоруна кимдер ээлик кылаары тууралуу макала жарыялашкан.** 

> Анда соода түйүндөрдүн басымдуу бөлүгү экс-чиновник, мурдагы депутат, жеке ишкерлердин жакын туугандарына таандык экени [айтылып](https://govori.tv/vefa-taatan-goin-bishkektegi-iri-sooda-borborlorgo-kimder-eelik-kylat/?fbclid=IwAR0aC6B3VdqME-rxlFlhH0RZ1eS6QuIe47ucpHEyc9aTv5rSO%5Fzu745km1k), алардын тизмеги берилген. 

- **«Бишкек Парк» соода борбору**

Негиздөөчүсү — Айдын Мыстажыоглу. Жетекчиси — Фатих Зенгин.

- **«Айчүрөк» соода борбору**

Жетекчиси — Михин Михаил Иванович. Акцияларына 680 киши ээлик кылат.

- **«Бета Сторес» соода борбору**

Негиздөөчүсү жана жетекчиси Юсуф Угур.

- **«Вефа» соода борбору**

Негиздөөчүсү — Улукойлу Ахмет. Жетекчиси — Айтекин Килит.

- **«Дордой Моторс» соода борбору**

Негиздөөчүлөрү — Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич, Салымбеков Аскар Мааткабылович, Салымбеков Улугбек Аскарович, Салымбеков Мамытбай Маткабылович. Жетекчиси — Салымбеков Эркинбек Мамытбаевич.

- **«Космопарк» соода борбору**

Негиздөөчүлөрү — Салымбеков Улугбек Аскарович, Салымбеков Мамытбай Маткабылович. Жетекчиси — Кайыпов Алмаз Малдыбаевич.

- **«Таатан» соода борбору**

Негиздөөчүлөрү — Хуан Цзяньхун жана Султанова Жаркынай Жармаматовна. Жетекчиси — Хуан Гуан.

- **«Таш-Рабат» соода борбору**

Негиздөөчүлөрү — Мамазаиров Бозулан Эркинович жана «МБЭ ГРУПП» ЖЧКСы. Жетекчиси — Шадыева Бакыт Гулмаматовна.

- **«Гоин» соода борбору**

Негиздөөчүлөрү — Хэн Чэнюй жана Мунире. Жетекчиси — Садыков Чынгыз Самарбекович.

- **«Детский мир» соода борбору**

Негиздөөчүсү — Абдыгулов Максат Сулайманбекович. Жетекчиси — Шийкинбаев Чыңгыз Алишерович.

- **«Беш-Сары» соода борбору**

Негиздөөчүсү — Жолдошбаев Камчыбек. Ал эми жетекчиси — Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна.

- **«Аламедин Гранд» соода борбору**

Негиздөөчүлөрү — Шаршенбаев Ажибек Ырысбекович, Шаршенбаев Ажибек Ырысбекович, Салымбеков Кубат Аскарович, Шаршенбай уулу Руслан. Жетекчиси — Мааткабылов Райымбек Шаршенбаевич.

- **«Сеул Плаза» соода борбору**

Негиздөөчүлөрү — Джен Мансик, Дайырбеков Нурбек Үсөнбекович, Акинеева Гульмира Салмарбековна. Жетекчиси — Джен Мансик.

- **«Табылга» соода борбору**

Негиздөөчүсү жана жетекчиси — Газыбеков Бейшенали Сабырович.

- **«Берекет-Гранд» соода борбору**

Негиздөөчүсү — «Берекет» ЖЧКсы. Жетекчиси — Иманбердиев Замирбек Исаевич.

- **«Весна» соода борбору**

Негиздөөчүлөрү — Түлеев Нарынбек Ташболотович жана «Ташболот холдинг». Жетекчиси — Түлеева Назгуль Наримановна.