> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Химиялык азыктарды өндүрүү кыскаргандан, өнөр жайдын көлөмү 4.5%га түштү
- URL: https://im.kg/all/2022/02/26/himiyalyk-azyktardy-nd-r-kyskargandan-n-r-zhajdyn-k-l-m-4-5-ga-t-sht/
- Published: 2022-02-26T18:14:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү январь айында өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 4.5%га төмөндөп, 22 млрд сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Бул химиялык продукттарды (-20.5%), резина жана пластмасса буюмдарын (-18.7%), тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды жана тамеки буюмдарын (-7.7%), ошондой эле тоо-кен казып алуу (-6.6%) өндүрүшүнүн төмөндөшү менен шартталган.

> Мында оң тенденциялар курулушта байкалган, анын көлөмү 1.6%га өскөн, ошондой эле айыл чарбасында (+2.4%), дүң жана чекене соодада (+7.3%) да бираз байкалган.