> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөрдөн» бюджетке канча каражат түшкөнүнөн толук маалыматым жок – Экономика министри
- URL: https://im.kg/all/2022/02/26/kumt-rd-n-bjudzhetke-kancha-karazhat-t-shk-n-n-n-toluk-maalymatym-zhok-ekonomika-ministri/
- Published: 2022-02-26T15:44:21.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:22:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиевден журналисттер «Кумтөрдөн» бюджетке канча каражат түшкөнү тууралуу так маалымат сурашты.**

> «Кумтөрдөн» республикалык бюджетке канча каражат түшкөнүнөн толук маалыматым жок. Жаңылбастан, тактап туруп, так маалымат берели», – деди атайын маалымат жыйынга өлкөнүн экономикасы боюнча маалымат бергени келген Экономика министри Амангелдиев.

Бирок ушул эле жыйында Амангелдиев «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде [40 миң гана доллар](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/26/kumt-rg-tyshky-bashkaruu-kirgizilgende-esebinde-40-mi-gana-dollar-bolgon/) болгонун, азыр мурдагы өндүрүш көлөмүнө келгенин, 2021-жылы киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелеринин баарын аткарганын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=WeW5RnzkH7M&list=RDCMUCdnd%5FIBwwoNaIUeYnqP%5F6cw&start%5Fradio=1) Финансы министри Алмаз Бакетаев да Кумтөрдүн алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу [маалыматы жок экенин](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/13/finansy-ministri-kumt-rd-n-altyndary-kajda-satylyp-zhatkany-tuuraluu-maalymatym-zhok/), аны «Кыргызалтын» ААК гана [билерин](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/14/finansy-ministrligi-kumt-rd-n-kancha-altyn-satylganyn-biz-bilbejbiz-kyrgyzaltyn-bilet/) айткан эле.

2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ошондогу убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирген болчу. Анда Бөлтүрүк былтыры жыл башынан бери компания **13.6 млрд сом** суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөнүн, натыйжада, чегерүүлөрдүн планы **150%дан** ашканын[айткан](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/18/2021-zhyly-kumt-rd-14-5-mi-kg-altyn-nd-r-lg-n-alar-kayakta-kimge-satyldy/).