> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон
- URL: https://im.kg/all/2022/02/26/kumt-rg-tyshky-bashkaruu-kirgizilgende-esebinde-40-mi-gana-dollar-bolgon/
- Published: 2022-02-26T14:36:49.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында билдирди.**

Амангелдиев «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизилгенде элдерде кыргыз тарап өзү иштете алабы деген күмөн саноо болгонун айтты.

> «Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде 40 миң гана доллар болгон. Азыр мурдагы өндүрүш көлөмүнө келди. 2021-жылы киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелеринин баарын аткарды», – деди Амангелдиев.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ошондогу убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирген болчу. Анда Бөлтүрүк былтыры жыл башынан бери компания **13.6 млрд сом** суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөнүн, натыйжада, чегерүүлөр планы **150%га ашканын** [айткан](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/18/2021-zhyly-kumt-rd-14-5-mi-kg-altyn-nd-r-lg-n-alar-kayakta-kimge-satyldy/).