> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Рынокто доллардын дефицити болбойт – Амангелдиев
- URL: https://im.kg/all/2022/02/26/rynokto-dollardyn-deficiti-bolbojt-amangeldiev/
- Published: 2022-02-26T14:53:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Рынокто доллардын дефицити болбойт. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында билдирди.**

Министрдин айтымында, доллардын курсун рынок толук өзү тейлейт. Анткени коңшу Казакстан жана Россия республиканын соода өнөктөшү болгондуктан кандайдыр бир деңгээлде андан да көз каранды. 

> «Эгерде өлкөдө доллар кескин түрдө көтөрүлүп кетсе, Улуттук банктын 6 айлык резервдери экспорт-импорт операцияларын толук жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Улуттук банк соңку интервенция менен чыгып, болгону 13 млн доллар сатканда рынок толгонун көрсөттү. Керек болсо Улуттук банк 80-100 млн долларлык интервенция менен чыгууга даяр эле», – деген Амангелдиев, Казакстан менен Россиянын Улуттук банктары да интервенцияларды жүргүзгөнүн жана учурда эч кандай ажиотаж, күчөгөн суроо-талап жок экенин кошумчалады. 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 22-февралына карата Улуттук банктын эл аралык резерви [2 млрд 792.4 млн долларды](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/25/uluttuk-banktyn-el-aralyk-rezervinde-2-8-mlrd-dollar-bar/) түзгөн. Буга чейин 24-февралда Украинадагы окуялардан улам Кыргызстандагы доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткенде, Улуттук банк валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кыла алаарын [билдирген болчу](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/24/uluttuk-bank-zaryl-bolgon-uchurda-ichki-valjuta-rynoguna-katyshuusun-ulantaaryn-bildirdi/).