> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектен Алматага аба каттамдарынын саны аптасына 12 каттамга чейин көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/02/bishkekten-almataga-aba-kattamdarynyn-sany-aptasyna-12-kattamga-chejin-k-b-jd/
- Published: 2022-03-02T08:05:13.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 1-марттан баштап** **«Эйр Астана»** **авиакомпаниясы Алмата – Бишкек – Алмата каттамы боюнча авиарейстерин аптасына 12 каттамга чейин кобөйтөөрүн** **«Манас»** **эл аралык аэропорту** **»** **ААКнын маалымат кызматы билдирди.**

Буга чейин «Эйр Астана» авиакомпаниясы жогоруда аталган каттам боюнча күн сайын, башкача айтканда аптасына 7 жолу учуп турчу. 1-марттан тарта дагы 5 каттам кошулду.

Ошентип, жүргүнчүлөр Бишкектен Алматага дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума жана ишенби күндөру эки жолу уча алат.