> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-жылы MegaCom Кыргызстан бюджетин 2.6 млрд сомго толуктады
- URL: https://im.kg/all/2022/03/03/2021-zhyly-megacom-kyrgyzstan-bjudzhetin-2-6-mlrd-somgo-toluktady/
- Published: 2022-03-03T18:18:19.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коомчулук алдында тунук иштеп жана отчеттуулук боюнча компания саясатына ылайык, MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 2021-жылга карата «Альфа Телеком» ЖАКтын ишинин каржылык жыйынтыктарын жарыялады.**

Оператордун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12 айынын ичинде MegaCom Кыргыз Республикасынын бюджетин 2.595 млрд сомдон ашуун каражатка толуктады. Анын ичинде:

- Отчеттук мөөнөт ичинде **салык жана төлөмдөр 1.304 млрд сомду** түздү;
- Мамлекеттик бюджетке **башка төлөмдө** **0.897 млрд сомдон** ашты;
- 2020-жылы каржы ишмердүүлүгү үчүн **2021-жылы төлөнгөн дивиденддердин суммасы 0.395 млрд сомдон** ашты.

Мындан тышкары, «Альфа Телеком» ЖАК **2021-жылы 1.503 млрд сом таза киреше тапкан**.

Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон MegaCom оператору каржылык милдеттемелерин толук аткарып, Кыргыз Республикасынын бюджетине өз убагында жана толугу менен төлөп турганын компанияда баса белгилешти.

> «MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ишкананын кирешесин жана Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине төлөмдөрдү мындар ары да көбөйтүүнү максат кылды, – дейт, 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, **«Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов**. – Ошону менен бирге, MegaCom компаниясы республика боюнча түйүндөрүн кеңейтип, ыңгайлуу тарифтерди жана актуалдуу санарип сервистерди ишке киргизүү боюнча пландарын уланта бермекчи».