> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги коомдук тамактануу жайларында бирдиктүү салык ставкасын азайтууга даяр
- URL: https://im.kg/all/2022/03/03/ekonomika-ministrligi-koomduk-tamaktanuu-zhajlarynda-birdikt-salyk-stavkasyn-azajtuuga-dayar/
- Published: 2022-03-03T17:23:04.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:54:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коомдук тамактандыруу ишканалары жана Экономика министрлиги бирдиктүү салык ставкасынын өлчөмү боюнча иш тобун түзөт. Бул тууралуу 2-мартта «Жаңы Салык кодексинин шартындагы бизнес: Аман калуу» кереге кеңешинде Алдыңкы рестораторлор жана отельерлер ассоциациясынын президенти Евгений Тян билдирди.**

Анын айтымында, бийлик мурда эсептелген, кургак цифраларга таянууда. Азыр болсо 6% ставка да чоң зыян келтириши мүмкүн.

«ХоРеКа клуб ассоциациясынын» директору Гүлзат Раимбекова билдиргендей, коомдук тамактандыруу рыногуна зыяндуу салык төлөбөгөндөр сыяктуу мамиле жасалат.

> «Баары ачык жана тунук иштейт деп айтканыбыз жок. Ооба, ошондой ишканалар бар экенине биз макулбуз. Бирок, консенсуска келүү үчүн сабаттуу экономикалык негиздеме керек. Биз салык келишимдери боюнча иштеген жылдары ставка 2% эле. Ал эми Салык кызматы мунун 6.3% деп көрсөтүп жатат. Ошондуктан Экономика министрлиги аны азайтууга даяр», — деди ал.

Рынок көмүскөдөн чыгып, салык төлөөгө даяр, бирок кол жеткен цифралар керектигин баса белгиледи Раимбекова. Мурдагы чыдагыс пайыз калса (жаңы Салык кодексинде 8% – ред.эскертүүсү), көпчүлүк ишканалар жабылат.

Коомдук тамактандыруу жайлары менен Экономика министрлигинин ортосунда цифралар боюнча келишпестиктер бар. Бирок, бирдиктүү салык ставкасы өтө эле оор экенин далилдеп берүү үчүн ишканалар **өзүндө хронометраж өткөрүүгө даяр**.

Белгилесек, кереге кеңешти [**Economist.kg**](http://localhost/info-portal/) басылмасы уюштурган.