> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ошэлектро» жана «Чыгышэлектронун» мурдагы жетекчилери бир топ миллиондук карыздарды эсептен чыгарганы үчүн кармалды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/03/oshelektro-zhana-chygyshelektronun-murdagy-zhetekchileri-bir-top-millionduk-karyzdardy-esepten-chygargany-ch-n-karmaldy/
- Published: 2022-03-03T17:17:35.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:55:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баш** **прокуратура «Ошэлектро»** **жана** **«** **Чыгыш** **электро** **нун** **»** **филиалдарынын мурдагы жетекчилерин электр жарыгы үчүн көптөгөн миллиондук карыздарды эсептен чыгарганы үчүн кармады. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.**

«Ошэлектронун» кызматкерлери 2016-жылдан 2021-жылга чейин электр жарыгы үчүн **134.4 млн сом** дебитордук карызды, ал эми «Чыгышэлектронун» Нарын филиалы – **219.7 млн сом** дебитордук карызды мыйзамсыз эсептен чыгарганын прокурордук текшерүу аныктаган.

Баш прокуратура 336-берене («Коррупция») боюнча кылмыш ишин козгоп, «Ошэлектронун» мурдагы жетекчиси Д.Д.Ини, ррупция») УК КР и задержала экс-главу «Ошэлектро» Д.Д.И., Тянь-Шань РЭСинин жетекчиси Б.Т.Ону жана «Чыгышэлектронун» Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А. жана Ж.А.Мди камакка алды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.