> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Иш менен камсыздоо боюнча өндүрүшчүлөрдөн кем калбайбыз – HoReCa
- URL: https://im.kg/all/2022/03/07/ish-menen-kamsyz-bolgondordun-sany-bojuncha-nd-r-sh-kyzmatkerlerinen-kem-kalbajbyz-horeca-zhetekchisi/
- Published: 2022-03-07T14:39:36.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коомдук тамактануу ишканаларына тиешелүү бирдиктүү салыктын ставкасы жалпы рынокко таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу«ХоРеКа клуб Ассоциациясынын» директору Гүлзат Райымбекова «Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо билдирди.**

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 15 миңден ашык коомдук тамактануу ишканалары катталган, бул орточо эсеп боюнча **200 миң** жумушчу орунун түзөт.

> «Жумуш менен камсыз болгондордун саны боюнча биз өндүрүш кызматкерлеринен көп деле кем калбайбыз», – деди ал.

Рестораторлор жана мейманканачылар Ассоциациясынын президенти Евгений Тян коомдук тамактануу ишканалары Кыргызстандагы негизги иш берүүчүлөрдүн катарына кирерин белгиледи. «Биз жеткирүүчүлөргө, туризм секторуна мультипликативдик таасир этебиз – бул бүтүндөй экосистеманы түзөт», – деди ал.