> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пономарев контрабандалык товарларды ККМди киргизбей туруп эле кантип контролдосо болоорун айтты
- URL: https://im.kg/all/2022/03/07/ponomarev-kontrabandalyk-tovarlardy-kkmdi-kirgizbej-turup-ele-kantip-kontroldoso-boloorun-ajtty/
- Published: 2022-03-07T14:54:02.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:03:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев контрабандалык товарларды ККМди киргизбей туруп эле көзөмөлдөсө болоорун айтты. Бул тууралуу ал «Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо билдирди.**

Ал логистикалык бизнесте жеткирүү чынжырынын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар экенин түшүндүрдү.

> «Бизде товарларды импорттогон 40тай оператор бар, бирок чекене соодада канча субъект иштейт? Жүз миңдеген. Кимди көзөмөлдөө оңой – 40 оператордубу же 460 миң соода субъектиби?», – деди ал.

Ал ошондой эле мамлекет жаңы Салык кодексин элге түшүндүрүү иштерин начар жүргүзгөнүн кошумчалады.

> «Салык кодекси – бул ишкерлердин конституциясы. Көптөгөн мамлекеттик органдар маалыматты жеткирүүнү билбегендиктен тузакка илинди. Адистер жок», – деп кошумчалады Пономарев.

- Белгилей кетсек, тегерек стол **[Economist.kg](http://localhost/info-portal/)** басылмасы тарабынан уюштурулган болчу.