> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысабеков: ККМди колдонууну жарандар өздөрү талап кылат деп үмүттөнөбүз
- URL: https://im.kg/all/2022/03/07/ysabekov-kkmdi-koldonuunu-zharandar-zd-r-talap-kylat-dep-m-tt-n-b-z/
- Published: 2022-03-07T11:26:25.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика жана соода министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков калкты ККМди колдонууга үндөө иштери жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасы уюштурган«Бизнес жаңы Салык кодексинин шарттарында: тирүү калуу!» деп аталган тегерек столдо билдирди.**

Ысабековдун айтымында, сунуш кылынган кэшбэк системасы кардарларды ККМди колдонууну талап кылууга жардам берет.

> «Товардын наркынын бир бөлүгү кардардын эсебине кайтарылат. Коңшу мамлекеттерде 1 кассага 27-35 адам туура келет деген статистика бар, бизде бир ККМге 250 адам туура келет», – деди ал.

Мындан тышкары, ал ККМдин чектери менен лотереяларды ойнотуу, ага баалуу байгелерлерди коюу пландалып жатканын билдирди.