> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бардык Mastercard төлөм системасы Россиянын аймагында ишин токтотот
- URL: https://im.kg/all/2022/03/09/bardyk-mastercard-t-l-m-sistemasy-rossiyanyn-ajmagynda-ishin-toktotot/
- Published: 2022-03-09T17:14:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 10-мартынан тартып Mastercard төлөм системасы Россиянын аймагында ишин токтотот. Бул тууралуу «Айыл Банк» ААК билдирди.**

Бул ушул күндөн тартып, **КРнын банктары тарабынан чыгарылган** бардык Mastercard карталарын, анын ичинде «Айыл Банк» ААКсынын карталарын Россиянын чекене соода түйүндөрүндө жана банкоматтарында тейлөө токтотулат дегенди билдирет. 

**Ошентип, жакында Россияда КРнын банктарынын карталары менен төмөнкү операциялар жеткиликсиз болот:** 

- банкоматтар аркылуу накталай акча алуу
- соода түйүндөрүндө Pos-терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүү
- россиялык интернет-дүкөндөрдөн онлайн сатып алуу.

«Айыл Банк» ААКсы тарабынан чыгарылган Mastercard карталары Кыргызстанда жана РФдан башка өлкөлөрдө кадимкидей иштей берет.

> «Айыл Банк» ААК Россиянын аймагында жайгашкан кардарларга алдын ала жетиштүү суммадагы накталай акчаны алууну жана ири чыгымдар үчүн (мейманкана, билеттер ж.б.) алдын ала төлөөнү сунуштайт.