> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эгерде жаран өмүрүндө Соцфондго эч нерсе төлөбөсө, анда ал пенсияга чыкпайт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/09/egerde-zharan-m-r-nd-socfondgo-ech-nerse-t-l-b-s-anda-al-pensiyaga-chykpajt/
- Published: 2022-03-09T12:39:14.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эгерде жаран пенсия курагына жеткенче эч жерде иштебесе, Соцфондго бир да тыйын төлөбөсө, анда ал пенсияга чыкпайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин [жыйынында ](https://www.youtube.com/watch?v=8topXYVygs4)Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.**

Жыйында депутат Алишер Козуев эгерде адам өмүрүндө бир тыйын да Соцфондго которбой келген болсо, пенсияга кайсы критерий менен чыгаарын сурады. 

> «Бүгүнкү күндө андай критерий жок. Соцфондго эч нерсе төлөбөсө, анда ал пенсияа чыкпайт», – деди ал. 

Салык кызматынын берген маалыматына таянсак, камсыздандыруу төлөмдөрүн **1.1 млн жаран** төлөйт. 2021-жылы **38.3 млрд сом** каражат түшкөн. Айына бул 3.1-3.2 млрд сомду түзөт.