> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду КРнын бюджетин колдоого 80 млн доллар берет
- URL: https://im.kg/all/2022/03/09/evraziyalyk-turuktashtyruu-zhana-n-kt-r-fondu-krnyn-bjudzhetin-koldoogo-80-mln-dollar-beret/
- Published: 2022-03-09T16:53:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:47:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) КРнын бюджетин колдоого 80 млн доллар берет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.** 

Дүйнөлүк практикага ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн эки багытта каржылык жардам алышат: инвестициялык долбоорлор жана бюджеттик колдоо.

> 2021-жылы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен КРнын өнүктүрүү программасынын алкагындагы келишимге ылайык, жогоруда аталган **80 млн доллар** өлчөмүндө зайым каражаттары республиканын бюджетин колдоого берилет.

Жогоруда аталган каражаттар республиканын экономика тармагын колдоого жумшалат:

- туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн Туризмди өнүктүрүү фондун каржылоо
- КРнын өнөр жайын өнүктүрүү жана колдоо үчүн «Кыргызиндустрия» ААКсын каржылоо
- Ишкердикти колдоо фондун каржылоо (чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүү)
- Энергетика тармагын колдоо жана суу чарба объекттерин жакшыртуу үчүн бюджеттик кредит берүү.

> «Белгилеп кетсек, аталган тармактарды каржылоо республиканын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасир берип, бул келечекте мультипликативдик эффект берет жана тартылган каражаттарды кайтарып берүү үчүн бюджеттин киреше бөлүгүнө жакшы таасирин тийгизет», – деп билдиришти ведомстводон.