> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Германияга стажировкага жеке ишкерлердин арыздарын кабыл алуу башталды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/09/germaniyaga-stazhirovkaga-zheke-ishkerlerdin-aryzdaryn-kabyl-aluu-bashtaldy/
- Published: 2022-03-09T11:28:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Соода-өнөр жай палатасы Германияга стажировка боюнча жеке ишкерлерден арыздарды кабыл ала баштады.** 

КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен Федералдык экономика жана климатты коргоо министрлигинин Fit for Partnership with Germany биргелешкен программасы төмөнкүлөрду камтыйт.

- 10 айлык стажировка, анын ичинде 2 жума Германияда
- Немис ишканалардын алдыңкы тажрыйбасы менен таанышуу
- Чет элдик жеке ишкерлер менен түздөн-түз байланышуу
- В2В жолугушуулар
- Эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү
- Өздүк бизнестин атаандаштыгын күчөтүү
- Шык-жөндөмдөрдү өркүндөтүү
- Программанын 21 мамлекеттен 15 миң бүтүрүүчүлөрү менен өз ара кызматташуу.

> Арыздар **2022-жылдын 20-мартына чейин** кабыл алынат.

**Программанын мүнөздөмөсү:**

- Таанышуу этабы – 2 жума
- Окутуу этабы – 8 жума

Анын ичинде:

- Онлайн окутуу – 6 жума
- Германияда болуу – 2 жума
- Ишке ашыруу этабы – 6 ай

#### Тандоого катышуу үчүн талаптар:

- Жогорку билим
- Ишканада башкаруучулук жана кесипкөйлүктүн эң кеминде 2 жылдык тажрыйбасы
- Эң кеминде 5 жылдык стаж
- Талапкер немистик компаниялар менен кызматташууну жөнгө салууга кызыктар болгон ишканадан болушу шарт
- Талапкердин бизнес-долбоорлор боюнча так, даана идеялары болушу керек
- Орус жана/же англис тилдеринде эркин сүйлөй билүүсү (эки топ болот)
- Жогорку коммуникативдик жана тартуулай билүү жөндөмдүүлүгү.

> Талаптарга төп келгендер оозеки маектешүүгө чакырылат.

Тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтер баштыгын алуу үчүн [managerprogrammkg@gmail.com](mailto:managerprogrammkg@gmail.com) дарегине жазыңыздар (каттын темасына толук аты-жөнүңүздү жана «Германияда стажировка» деп баш сабын көрсөтүңүз). Кошумча суроолор боюнча 0312 90 15 20, 0770 880 818 телефон номурларына чалса болот. 

##### **Маалымат үчүн:**

**Fit for Partnership with Germany Программасы** КРда 2007-жылдан тарта иштейт. 2017-жылдан баштап ал КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Бизнес-билим берүү борбору (БББ) аркылуу ишке ашырылат.

Бүгүнкү күндө программага 300дөн ашуун кыргызстандык ишкерлер катышты. Немистик ишкерлер менен өз ара аракеттенүүдөн улам эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу өнүгүп, көзгө илинээрлик натыйжаларды бере алды: **2017-2019-жылдары эки өлкө ортосунда товар алмашуу 26 млн еврого жакындады**.

Программанын аркасында учурда немистик өнөктөштөр менен ийгиликтүү иштеп жаткандар: «Адал Азык» ЖЧКсы, «Куликовский» СМ, «М-Вектор» ЖЧКсы, Eurasia Group KGZ ЖЧКсы, «Алайку Органикс» ЖЧКсы, Asian Med Trade ЖЧКсы, Nomad Greenhouse ЖЧКсы ж.б.