> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан кыйла «жумшартылган» акча-кредит саясатын жүргүзүүдө – эксперт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/09/kyrgyzstan-kyjla-zhumshartylgan-akcha-kredit-sayasatyn-zh-rg-z-d-ekspert/
- Published: 2022-03-09T10:25:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда инфляция – бул чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр үчүн эле олуттуу көйгөй болуп саналууда, бирок Кыргызстан кандайдыр бир деңгээлде инфляциянын импорту жана акча-кредит саясаты менен өзгөчөлөнүүдө. Бул тууралуу Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 2021-2022-жылдар аралыгындагы өткөөл мезгил боюнча отчетунун презентациясында ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча жетектөөчү экономисти Эрик Ливни билдирди.**

Өткөн жумада ЕРӨБдүн 2021-2022-жылдардын өткөөл мезгили боюнча «Системаны модернизациялоо: санариптик дивиденддерди алуу» деген аталыштагы отчетунун бет ачары болуп өттү. Отчет санариптештирүү, өлкөлөр ортосундагы инфраструктура жана финтех ортосундагы айырмачылыктарга багытталып, алардын өлкөнүн экономикалык өсүшүнө кандай таасир этээри талданган.

Экономист **өлкөдөгү инфляция көбүнчө импорттук дүйнөлүк баалардын өсүшүнө байланыштуу** экенин айтат.

> «Кыргызстанда акча-кредит саясаты дагы бир топ эле жумшак. **Улуттук банктын экономикага берген кредитинин баасы азыркы инфляциянын деңгээлинен төмөн**. Инфляция жогору, акчасы арзан дагы бир өлкө катары Монголияны айтса болот», – деди ал.

Ливни ошондой эле республиканын тышкы карызына да токтолду. Анын айтымында, узак, жада калса орто мөөнөттүү келечекте Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) болжолу боюнча карыздын жүгү азаят.

> «Быйыл салыктык кирешелерди көбөйтүү менен бюджеттин тартыштыгын кыскартууга мүмкүн болду. Эл аралык резервдер да өстү. Валюталык резервдер импорттун 6 айын жабат, андыктан жагдай өтө жаман эмес», – деди эксперт.