> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 350 миңдей пенсионердин пенсиясы жашоо минимумуна жетпейт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/09/kyrgyzstanda-350-mi-dej-pensionerdin-pensiyasy-zhashoo-minimumuna-zhetpejt/
- Published: 2022-03-09T11:54:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 713 миң жаран пенсия алат. Бул тууралуу бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин [жыйынында ](https://www.youtube.com/watch?v=8topXYVygs4)Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.** 

Анын айтымында, анын **49%ына жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпеген пенсия** берилет. 

- Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү [6383 сомду](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/25/kyrgyzstanda-zhashoo-minimumu-75-dollardy-t-zd/) түзгөн.

> «Учурда 713 миң жаран пенсия алат. Азыркы болуп жаткан жагдайларга байланыштуу Министрлер кабинети да бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү караштырууда. Жылдагыдай эле 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөт», – деди Алиев.

Эскерте кетсек, бүгүн жыйында Социалдык фондунун 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү жана 2022-жылга бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды.