> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «РСК банктын» директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/09/rsk-banktyn-direktorlor-ke-eshinin-kuramy-zg-rd/
- Published: 2022-03-09T15:40:57.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«РСК Банк» ААКтын Директорлор кеңешинин жана Башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болгонун Кыргыз фондулук биржасы билдирди.**

2022-жылы Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өткөрүлүп, анда төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

1. Директорлор кеңешинин төмөнкү мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:
- Акматалиев Темирбек Асанбекович
- Бекболотов Данияр Женишбекович
- Асизов Касен Асизович
- Самиев Шергазы Сайтмаматович

**2\. Директорлор кеңешине 4 жылдык мөөнөткө шайланышты:**

- Токторбаев Алмазбек Биязбекович
- Кыйшыбаев Талгар Сартыманович
- Эрмеев Джыргалбек Советбекович
- Бакасов Эрмек Шаршенбекович.

  
Ошондой эле, Банктын Директорлор кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы чечимине ылайык:

- Башкармалыктын төрагасы Азизбек Оморкуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
- Башкармалыктын төрагасынын орун басары Эркин Тазабековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
- **Кадырбек Букуев** Башкармалыктын төрагасы болуп дайындалды
- **Турсунбек Шакиров** Башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.