> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы алкоголду жашыруун өндүргөн 3 цехти аныктады
- URL: https://im.kg/all/2022/03/09/salyk-kyzmaty-alkogoldu-zhashyruun-nd-rg-n-3-cehti-anyktady/
- Published: 2022-03-09T09:53:04.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук районунда алкоголдук продукцияны жашыруун өндүргөн 3 цехти аныкташканын аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.**

Жашыруун цехтерде алкоголду кустардык жол менен өндүрүү, сатуу жана сактоо, ошондой эле шектүү акциздик маркаларды колдонуу фактысы аныкталган. 

> Цехтин ээлеринде товарга карата лицензия, коштоочу документтер (сертификаттар, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) жок болгон.

Жыйынтыгында кустардык өндүрүштөгү жергиликтүү алкоголдук өндүрүүчүлөрүнүн ар кандай бренддериндеги 1 миң 414 бөтөлкө алкоголдук продукция, 1 миң 709 даана пайдалана элек акциздик марка, 145 литр этил спирти (95%), 5 миңден ашык этикетка жана 2 миңден ашык капкак тартып алынды.