> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл банк» дыйкандарга кредит берген жок – Бакиров
- URL: https://im.kg/all/2022/03/10/ajyl-bank-dyjkandarga-kredit-bergen-zhok-bakirov/
- Published: 2022-03-10T12:47:44.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=itUT1sdETyQ) депутат Өмүрбек Бакиров «Айыл банк» дыйкандарга эч кандай кредит берген жок деген маалыматты айтты.**

Анын айтымында, дыйкандарга деп «Айыл банк» аркылуу берилчү кредиттер дыйкандарга жеткен эмес.

> «Кумтөрдүн акчасы деп ар бир райондо 3-4 кишиге 100 миң сомдон берип коюшуптур, бул өтө эле аз. Мамлекеттик банктардан кредит берилбей жатат, дыйкандар ала албай жатышат. Бизге күнүгө толтура кайрылуулар түшүп жатат», – деди депутат.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинети «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун[ бекитип](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/09/dyjkandardy-zhe-ildetilgen-nasyya-menen-kamsyzdoo-maksatynda-mamleket-520-mln-som-b-ld/), Финансы министрлигине коммерциялык банктарга пайыздык үстөктөрдү субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүүнү тапшырган. Мындан тышкары, 22-февралда президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасында, дыйкандарга кайрылып, арзан пайыз менен берилип жаткан насыяларды максаттуу пайдаланууга, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууга [чакырган болчу](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/22/prezident-dyjkandardy-berilgen-nasyyany-maksattuu-pajdalanuuga-chakyrdy/). 

Жапаров мамлекет дыйкандарга колдон келишинче кол-кабыш кылып, арзан насыяларды берип баштаганын, дыйкандар аны 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан ала баштаганын жана насыялар **«Айыл банк», «РСК»,«Керемет банктары»** аркылуу берилип жатканын, жалпысынан, **айыл чарба багытына 26 млрд сом** бөлүнгөнүн [айткан](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/22/prezident-dyjkandardy-berilgen-nasyyany-maksattuu-pajdalanuuga-chakyrdy/).

Ошол эле кезде «Айыл банктын» [расмий сайтында](https://ab.kg/ky/news/1483) «Айыл чарбасын каржылоо – 10» (АЧК – 10) мамлекеттик программасынын алкагында «Өсүмдүк өстүрүү» категориясындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн кошумча шарттар тууралуу маалымат келтирилип, жеңилдетилген кредиттер кезекке ылайык берилери айтылган.