> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарбасын каржылоого комбанктарга 4.9 млрд сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/10/ajyl-charbasyn-karzhyloogo-kombanktarga-4-9-mlrd-som-b-l-n-t/
- Published: 2022-03-10T10:11:14.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарбасын каржылоого комбанктарга 4.9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.** 

> «Финансы министрлигине долбоорду ишке ашырууга коммерциялык банктарга пайыздык чендерди субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүп берүү тапшырылды. Бул **4.9 млрд сом** өлчөмүндө жылдык 6%дык үстөк менен жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берет», — деп билдиришти ведомстводон.

Каражат **мал чарбачылыгын**, **өсүмдүк өстүрүүнү** жана **кайра иштетүүнү** каржылоого каралган.

Бүгүнкү күндө катышуучу банктар тарабынан кредиттик жана күрөөлүк документтерди тариздөө жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча иштер башталды.