> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кийинки жумадан тартып «Аэрофлот» Кыргызстанга аба каттамдарын жандантат
- URL: https://im.kg/all/2022/03/10/kijinki-zhumadan-tartyp-aeroflot-kyrgyzstanga-aba-kattamdaryn-zhandantat/
- Published: 2022-03-10T18:13:14.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кийинки жумадан тартып «Аэрофлот» Кыргызстанга аба каттамдарын жандантат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=itUT1sdETyQ) Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.**

Анын айтымында, темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча да Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

> «Пандемия учурунда темир жол транспорту токтотулган. Казакстан буга чейин жүк ташууларды жандандырууга макул болгон, Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деди министрдин орун басары.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков Москвага чартердик рейстерди көбөйтүү керектигин [айткан эле](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/10/rossiyaga-charterdik-aba-kattamdaryn-k-b-jt-kerek-deputat/).