> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россияга чартердик аба каттамдарын көбөйтүү керек – депутат
- URL: https://im.kg/all/2022/03/10/rossiyaga-charterdik-aba-kattamdaryn-k-b-jt-kerek-deputat/
- Published: 2022-03-10T11:22:51.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=itUT1sdETyQ) депутат Нуржигит Кадырбеков Москвага чартердик рейстерди көбөйтүү керектигин айтты.** 

Анын айтымында, көп каттамдар токтоп жатат жана жакында жумасына 15 эле каттам калат.

> «Аэрофлот», S7, Ural Airlines компаниялары каттамдарын токтотту, «Уральские авиалинии» дагы токтотсо, 90% аба каттамдары токтогон болот. Ошондо өзүбүздүн компаниялар эле калат экен. Чартердик рейстерди көбөйтүү керек же Өзбекстандагыдай токтоп калган авиакомпаниялардын самолетторун ижарага алып иштетиш керекпи, айтор, бул багытта Транспорт министрлигине тапшырмаларды бериш керек», – деди депутат.

Эскерте кетсек, Россиянын S7 авиакомпаниясы Кыргызстанга Россиянын шаарларынан Бишкек, Ош жана Ысык-Көлгө аткарылган бардык 10 туруктуу рейсин[ токтоткон](http://localhost/info-portal/novosti/2022/03/04/rossijskaya-aviakompaniya-s7-otmenila-vse-rejsy-v-kyrgyzstan/).