> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров: «Кумтөр» кенин өзүбүзгө өткөрүү процессин бүтүп жатабыз, парламент колдоп берди
- URL: https://im.kg/all/2022/03/11/akylbek-zhaparov-kumt-r-kenin-z-b-zg-tk-r-processin-b-t-p-zhatabyz-parlament-koldop-berdi/
- Published: 2022-03-11T16:52:46.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:45:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кумтөр» кенин өзүбүзгө өткөрүү процессин бүтүрүү алдында турабыз, парламент колдоп берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банктын 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.**

Жапаровдун айтымында, «Кумтөр» долбоору боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калды жана мындан ары алтын кенге Кыргызстан өзү ээлик кылат.

> «Кечээ күнү парламент колдоп берди. Буюрса, алар менен да коштошуп, мындан ары кыргыздардын алтыны Кыргызстанда калат», – деди ал. 

Эскерте кетсек, 9-мартта Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин «Центерра» менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча токтомун жабык эшик артында караган эле. Депутаттар жыйындан соң кен тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышкан болчу.