> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» ЖЧК Талас – Бишкек жолун тазалоого жардам берүүдө
- URL: https://im.kg/all/2022/03/11/alyans-altyn-zhchksy-talas-bishkek-zholun-tazaloogo-zhardam-ber-d/
- Published: 2022-03-11T13:48:00.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» ЖЧК Талас –Бишкек жолун тазалоого Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жардам берүү үчүн кызматкерлерин жана техникасын жөнөттү.**

Өтмөк ашуусундагы кар көчкү жана жолдогу муз менен ишкананын оор жүк ташуучу унаалары эки күндөн бери күрөшүп жатышат.

> «Учурда ал жерде автотранспорт башкармалыгынын башчысы Бакыт Анапияев жетектеген «Альянс Алтын» ишканасынын сегиз кызматкери – айдоочулар, жүктөгүчтөр жана жол жумушчулары иштешүүдө. Алар алдыңкы жүктөгүчтү, бардык жерде жүрүүчү сүйрөөчү машинаны жана кум-шагылды төгүү үчүн самосвал сыяктуу атайын техникаларды колдонушууда.

> «Альянс Алтындын» кызматкерлери эки сменде иштешүүдө. Алар жолду тазалап, ашуудагы кыймылды ачып гана тим болбостон, тыгылып калган жүк ташуучу унааларды, тракторлорду кар күрткүсүнөн чыгарууга да көмөктөшүүдө», – дейт Таластагы алтын комбинатынын башкы механигинин орун басары **Тимур Оторбаев.**

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/talas-zhol-1024x768.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/talas-zhol.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/talas-zhol2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/talas-zhol2.jpeg)