> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дыйкандарга 339 млн сомго 544 насыя берилди –  «Айыл Банктын» депутатка жообу
- URL: https://im.kg/all/2022/03/11/dyjkandarga-339-mln-somgo-544-nasyya-berildi-ajyl-banktyn-deputatka-zhoobu/
- Published: 2022-03-11T15:05:34.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн эртең мененки абалга карата «Айыл чарбасын каржылоо – 10» (АЧК – 10) программасынын алкагында жылдык 6% менен 338.7 млн ​​сом суммасында 544 насыя берилди. Бул тууралуу [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасына «Айыл Банк» ААКдан билдиришти.**

Эскерте кетсек, кечээ, 10-мартта Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=itUT1sdETyQ) депутат Өмүрбек Бакиров «Айыл банк» дыйкандарга эч кандай кредит бербегенин, дыйкандарга деп берилген кредиттер аларга жетпегенин [айткан болчу.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/10/ajyl-bank-dyjkandarga-kredit-bergen-zhok-bakirov/) 

> «Кумтөрдүн акчасы деп ар бир райондо 3-4 кишиге 100 миң сомдон берип коюшуптур, бул өтө эле аз. Мамлекеттик банктардан кредит берилбей жатат, дыйкандар ала албай жатышат. Бизге күнүгө толтура кайрылуулар түшүп жатат», – деген депутат.

«Айыл Банк» **9.5 млн сомго** үрөн түрүндөгү 198 товардык кредит берилгенин жана жалпысынан 2022-жылдын башынан бери **3.3 млрд сом** суммасында 9 510 насыя бергенин [билдирди](http://localhost/info-portal/novosti/2022/03/11/fermeram-vydano-544-kredita-na-339-mln-somov-v-ajyl-banke-otvetili-na-kritiku-deputata/).

Аталган банк кредиттик адистер дем алыш жана майрам күндөрү да – күн сайын саат 22:00гө чейин иштеп жатышканын кошумчалады.