> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл каттоого республикалык бюджеттен 322 млн сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/11/el-kattoogo-respublikalyk-bjudzhetten-322-mln-som-b-l-nd/
- Published: 2022-03-11T17:54:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда республика боюнча эл каттоого 27 миң 899 адам тартылса, бул максатта республикалык бюджеттен 321.9 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу калктын жана турак-жай фондусун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кеңешмесинде белгилүү болгонун Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.** 

Кеңешмеде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун каттоонун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

> Ал белгилегендей, учурда республика боюнча эл каттоого 27 миң 899 адам тартылса, бул максатта республикалык бюджеттен 321.9 млн сом бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда эл жана турак-жай фондун каттоо өтөт. Бул мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара салттуу түрдө ар он жылда бир өтөт. Бул жолку эл каттоо Кыргызстан эгемендик алгандан берки убакта үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. КРнын биринчи улуттук эл жана турак-жай фондун каттоо 1999-жылы өткөрүлсө, экинчи эл каттоо 2009-жылы болгон.