> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эскертүү: 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/11/eskert-1-aprelde-zheke-zhaktar-ch-n-birdikt-salyk-deklaraciyasyn-tapshyruu-m-n-t-ayaktajt/
- Published: 2022-03-11T11:56:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:13:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктай тургандыгын билдирет.**

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер
- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер
- менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери
- юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.