> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан акыркы 5 жылда жол тармагына 6 млрд сомго көп каражат сарптай баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/03/11/kyrgyzstan-akyrky-5-zhylda-zhol-tarmagyna-6-mlrd-somgo-k-p-karazhat-sarptaj-bashtady/
- Published: 2022-03-11T21:02:34.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**5 жылдын ичинде жолдорду курууга жана оңдоого бөлүнгөн финансылык каражаттардын көлөмү 10 млрд 139 млн сомдон 16 млрд 543 млн сомго чейин өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.** 

- **2018-жылы** каржылоонун жалпы суммасы 10 млрд 139 млн сомду түзсө, аткарылган иштердин көлөмү 558 км (анын ичинен 374 км асфальт-бетон төшөлгөн) түзгөн.
- **2019-жылы** бөлүнгөн каражаттын көлөмү 11 млрд 752 млн сомду түзүп, аткарылган иштердин көлөмү 754 чакырымды түзгөн (анын ичинен 425 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).
- **2020-жылы** коронавирустук инфекция пандемиясынан улам аткарылган жумуштун жалпы көлөмү болгону 314.4 чакырымды түзүп, ага 7 млрд 133 млн сом сарпталган.
- **2021-жылы** жолдорду курууга 12 млрд 273 млн сом каралып, 280 чакырым жол курулуп, оңдолгон (анын ичинен 186 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).
- **2022-жылы** 661.5 чакырым жолду курууга жана оңдоого 16 млрд 543 млн сом бөлүү пландалууда (анын ичинен 406 чакырымына асфальт-бетон төшөлгөн).

Министрлер кабинети белгилегендей, жолдорду курууда зарыл болгон жол жээгиндеги инфраструктураны, мисалы, май куюучу жайларды, дааратканаларды, медпункттарды, коомдук тамактануу жайларды түзүүгө каражат каралышы зарыл.

**Кошумча окуңуз:** [Жолдорго берилген тышкы насыялар. 18 жылдын ичинде алынган 2.68 млрд доллар каякка сарпталды?](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/06/18/zholdorgo-berilgen-tyshky-nasyyalar-18-zhyldyn-ichinde-alyngan-2-68-mlrd-dollar-kayakka-sarptaldy/)