> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын үч банкынын Visa жана Mastercard карталары санкциялардан улам иштебей калышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/03/11/kyrgyzstandyn-ch-bankynyn-visa-zhana-mastercard-kartalary-sankciyalardan-ulam-ishtebej-kalyshy-m-mk-n/
- Published: 2022-03-11T15:49:51.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:39:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын үч банкы – «РСК», «КЫРГЫЗСТАН» жана «Керемет» банктарынын процессингдери Россиянын процессинг борборлорунда жайгашкан. Эгерде санкциялар Россиянын процессинг борборлоруна киргизилсе, Кыргызстандагы Visa жана Mastercard карталарынын ээлери карталарын колдоно албай калышат. Бул тууралуу [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) сайтына өздүк булактар ​​билдиришти.**

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук банк санкция Россиянын процессинг борборлоруна жайылган учурда, бир нече банктардын (ал жакта тейленген) Visa жана Mastercard карта ээлери-кардарлар башка банктардын инфраструктурасында (банкоматтар, POS-терминалдар) тейлене албай калышы мүмкүн мүмкүн экенин эскертип, бирок кайсы банктардын процессингдери Россияда [тейленээрин](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/11/rossiyanyn-processing-borborloru-sankciyaga-kabylsa-krnyn-bir-katar-banktary-visa-zhana-mastercard-menen-ishtej-albaj-kalat/) жарыялаган эмес.

> Ушуга байланыштуу, мүмкүн болгон тобокелдиктерди алдын алуу максатында, Улуттук банк Visa жана Mastercard карта ээлерине «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын **кошумча ачууну** сунуштаган.

Белгилей кетсек, «Элкарт» карталары менен Россия, Беларусь жана Арменияда төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.

Белгилей кетсек, буга чейин Visa компаниясынын өкүлдөрү [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) сайтына Россиядагы кырдаал алардын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө таасир этпей турганын [билдиришкен](http://localhost/info-portal/novosti/2022/03/10/ostanovka-raboty-visa-v-rossii-ne-povliyaet-na-kyrgyzstan-kompaniya/).