> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк дээрлик 60 млн долларга жаңы интервенция жүргүздү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/11/uluttuk-bank-deerlik-60-mln-dollarga-zha-y-intervenciya-zh-rg-zd/
- Published: 2022-03-11T10:29:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 10-мартта Улуттук банк 59.3 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү, анын 39.85 млн доллары накталай түрдө сатылды.**

> Улуттук банк интервенция алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзгөнүн кабарлады.

Регулятор ошондой эле 2022-жылдын башынан 11-мартка чейин **доллардын сомго карата расмий курсу 21.6%га**, тагыраак айтканда, 84.8 сомдон 103.1 сомго чейин жогорулаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан 10-мартка чейин жөнгө салуучу **284.3 млн доллар өлчөмүндө** чет элдик валютаны сатуу боюнча беш интервенция жүргүзүп, анын 66.65 млн доллары накталай түрдө сатылган.

> Ошондой эле Улуттук банк доллардын сомго карата расмий курсун **103.12 сом/1 доллар** өлчөмүндө аныктады. Бир сутка ичинде АКШ валютасы дароо 5.55% кымбаттады.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/03/ofishal-kurs.png)

> Башка негизги чет элдик валюталардын наркы да көтөрүлгөнү байкалды.

- **Евронун** сомго карата курсу 6.4%га — 113.77 сомго чейин жогорулады
- Орус **рублинин** расмий курсу 1.8%га жогорулап, 0.8566 сомду түздү
- Казакстандык **теңге** 4.5%га өсүп, 0.2027 сомду түздү.

[](https://t.me/share/url?url=http%3A%2F%2Flocalhost%2Finfo-portal%2Fnovosti%2F2022%2F03%2F10%2Fnacbank-provel-novuju-intervenciju-pochti-na-60-mln%2F&text=%D0%9D%D0%B0%D1%86%D0%B1%D0%B0%D0%BD%D0%BA%20%D0%BF%D1%80%D0%BE%D0%B2%D0%B5%D0%BB%20%D0%BD%D0%BE%D0%B2%D1%83%D1%8E%20%D0%B8%D0%BD%D1%82%D0%B5%D1%80%D0%B2%D0%B5%D0%BD%D1%86%D0%B8%D1%8E%20%D0%BF%D0%BE%D1%87%D1%82%D0%B8%20%D0%BD%D0%B0%20%2460%20%D0%BC%D0%BB%D0%BD&utm%5Fsource=share2)