> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда бензиндин запасы 2 жумага жетет – Нефтетрейдерлер ассоциациясы
- URL: https://im.kg/all/2022/03/14/kyrgyzstanda-benzindin-zapasy-2-zhumaga-zhetet-neftetrejderler-associaciyasy/
- Published: 2022-03-14T13:05:04.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда орто эсеп менен 2 жумага жеткидей бензиндин запасы бар. Бул тууралуу [Kaktus.media](https://kaktus.media/doc/456197%5Fsnizitsia%5Fli%5Fcena%5Fna%5Fbenzin%5Fv%5Fkyrgyzstane%5Fotvet%5Fank.html) сайтына КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.**

> «Бирок бул өлкөдө күйүүчү май жок болот дегенди билдирбейт», – дейт Эшатов.

Анын айтымында, ар бир ишкананын резервдери ар кандай – кээ бир ишкананыкы эки жумага, башкасыныкы 20 күнгө жетиши мүмкүн. Вагон-цистерналардын жетишсиздигинен улам, республикага күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) чакан партиялар менен келет.

> «Запастар толукталып жатат. Күйүүчү майлардын дизель тобуна келсек, анын запасы жетиштүү, жазгы талаа иштерине да жетет. Аны январь айында эле сатып алганбыз», – деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси ички рынокто баалар түшүп жаткандыгына карабастан, майда партия менен келген бензиндин баасы жогору болуп жатканын, экспортто баасы төмөндөбөй жатканын айтат. 

> «Баалар төмөндөйбү же кандай болот, аны фактыга жараша гана айтууга болот», – дейт ал. 

Канат Эшатов буга чейин [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасына [маалымдагандай](http://localhost/info-portal/novosti/2022/03/14/sankcii-protiv-rossii-poka-ne-vliyajut-na-stoimost-rynok-gsm-kyrgyzstana/), санкциялар азырынча Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына таасир эте элек. 

> «Бизде азыр баага эки негизги фактор таасир этүүдө: биринчиден, бул доллардын курсунун өсүшү, экинчиден, россиялык мунай иштетүүчү заводдордун сатуу баасы. Бүгүнкү күндө доллар 20 сомго өстү, мындан улам кымбатташы мүмкүн. Ошондой эле сатуу баасынын бир аз жогорулашы байкалууда – тенденция уланууда», – деди Эшатов.

Белгилей кетсек, Россиянын Ураинага болгон баскынынан улам, Shell жана British Petroleum, ошондой эле АКШ Россиядан мунай импорттоодон баш тарткан.