> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда долларды сыртка алып чыгууга тыюу салынды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/14/kyrgyzstanda-dollardy-syrtka-alyp-chyguuga-tyjuu-salyndy/
- Published: 2022-03-14T10:37:39.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын КРнын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул боюнча токтомду өлкөнүн Улуттук банкы кабыл алды.**

> Мындай чечим экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында кабыл алынган.

Аталган токтомго ылайык, КРнын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 2022-жылдын 11-мартында саат 17:30дан тартып, нак АКШ долларын КРнын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. 

Токтом Улуттук банктын расмий [интернет-сайтында](https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=2145&lang=KGZ) жайгаштырылган.