> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 1.7%ды түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/03/14/kyrgyzstanda-zhyl-bashynan-beri-inflyaciya-1-7-dy-t-zd/
- Published: 2022-03-14T10:22:42.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда жыл башынан бери (январь-февраль) инфляция 1.7%ды түзгөнүн Улутстатком билдирди.**

Эки айда азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга баа 1.8%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге 4.4%га, азык-түлүк эмес товарларга 1.1%га, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 1.1%га кымбаттаган.

Эң көп сүттүн (+11%), жашылчалардын (+8.6%), балык (+6.5%), макарон жана башка дан азыктарынын (+4.3%) баалары көтөрүлгөн.

> **Жылдык инфляция 10.8%ды түздү** (2022-жылдын февралынан 2021-жылдын февралына чейин). Бул абдан чоң көрсөткүч жана бир жыл мурда 100 сом турган товарлар **10.8 сомго кымбаттап**, азыр 110.8 сомго чыкты дегенди билдирет.