> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү 2 млрд 653 млн долларды түзөт – 6 айга жетет
- URL: https://im.kg/all/2022/03/14/uluttuk-banktyn-el-aralyk-rezervderinin-k-l-m-2-mlrd-653-mln-dollardy-t-z-t-6-ajga-zhetet/
- Published: 2022-03-14T16:47:23.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:43:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта брифингде Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.**

Карабаева бул эл аралык резервдеринин көлөмү өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги **6 айын камсыздай** ала тургандыгын билдирди.

> «11-мартка карата Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү 2 млрд 653 млн долларды түздү», – деди ал.

Белгилей кетсек, УБ жыл башынан бери 5 валюта [интервенциясын өткөрүп](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/11/uluttuk-bank-deerlik-60-mln-dollarga-zha-y-intervenciya-zh-rg-zd/), **284 млн доллар** саткан.