> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бизнес-акыйкатчы Институту жеке ишкерлерге акысыз консультацияларды берет
- URL: https://im.kg/all/2022/03/15/biznes-akyjkatchy-institutu-zheke-ishkerlerge-akysyz-konsultaciyalardy-beret/
- Published: 2022-03-15T13:48:56.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» иш-чарасынын алкагында Бизнес-акыйкатчы Институту жеке ишкерлер үчүн акысыз консультацияларды өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.**

Мамлекеттик органдар тараптан жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу боюнча акысыз кеп-кеңешти бардык каалоочулар ала алат.

- Маалыматтык сессиянын темасы: «Бизнес-акыйкатчы: жеке ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакчысы».
- Өтө турган күнү – 24-март (Эл аралык көргөзмө-жарманкенин экинчи күнүндө).

> Сессия «Expo Eurasia – Kyrgyzstan 2022» көргөзмө-жарманке өтө турган дарек боюнча уюштурулат: Бишкек ш., Чолпон-Ата көч.2, «Аю Гранд» СБ (Горький көч., менен кесилиште). 

Эске салсак, ири эл аралык «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022» көргөзмө-жарманке КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен 2022-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин уюштурулат. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттери катышат.