> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Импортерлор өсүмдүк майынын запасы жетиштүү экенин билдиришти
- URL: https://im.kg/all/2022/03/15/importerlor-s-md-k-majynyn-zapasy-zhetisht-ekenin-bildirishti/
- Published: 2022-03-15T10:51:17.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өсүмдүк майынын кымбатташына Россиядан ташып келүү боюнча курсу кескин жогорулаган валюталар менен түзүлгөн келишимдер жана республикада май өндүргөн өндүрүштүн жоктугу себеп болууда. Бул тууралуу импорттоочулар кечээ, 14-мартта Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинде өткөн жыйында билдиришкенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

Азыркы кырдаалда бааны туруктуу кармоого жана анын ар бир жаранга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн бул азыкты ташып келүүдөн тартып, сатканга чейин ага карата коюлган КНСти нөлгө түшүрүү чоң жардам бермек.

> Импортерлор өсүмдүк майынын запасы жетиштүү экенин жана белгилүү бир көлөмү жолдо келе жатканын билдиришти.

Буга байланыштуу **ассортименттин азайышы базардагы сатуучулардын аракетинен жана жасалма түрдө жасалган ажиотаждан улам** келип чыгууда, дешет алар.