> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан ТМУнун Инвестициялык фондунун баш кеңсесин Бишкекте жайгаштырууну сунуштады
- URL: https://im.kg/all/2022/03/15/kyrgyzstan-tmunun-investiciyalyk-fondunun-bash-ke-sesin-bishkekte-zhajgashtyruunu-sunushtady/
- Published: 2022-03-15T17:17:59.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:30:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 15-мартта Экономика жана соода министринин орун басары Канат Абдрахмановдун катышуусунда Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) жетекчилеринин ТМУнун инвестициялык фондун түзүү маселеси боюнча онлайн жолугушуусу болуп өткөнүн министрликтин маалымат кызматы кабарлады.** 

Министрдин орун басары Фондду түзүү, анын ичинде башкаруу түзүмү, уставдык капиталы, ошондой эле ТМУнун Инвестициялык фондунун башкы кеңсесин жайгаштыруу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча өз позициясын билдирди.

> «Фонддун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу боюнча кыргыз тараптын так позициясы айтылды», – деп айтылат билдирүүдө.

**Маалымат катары**

ТМУ азыркы түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Ал 2009-жылдын 3-октябрында уюштурулган. Уюмга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө.