> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 1 млн кг кумшекер, 500 миң литр өсүмдүк майы дүкөндөргө таратылууда – кымбаттабайт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/15/kyrgyzstanda-1-mln-kg-kumsheker-500-mi-litr-s-md-k-majy-d-k-nd-rg-taratyluuda/
- Published: 2022-03-15T14:15:33.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:29:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандай турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-марттагы басма сөз жыйынында айтты.**

Анын берген маалыматына таянсак, учурда 1 млн кг кумшекер өлкөдөгү соода дүкөндөрүнө таратылып жатат жана анын **1 кг 70 сомдон** болот. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып, **1 литри 130 сом** деп белгиленген.

Министрдин айтымында, дүңүнөн соода кылгандарда кумшекердин запасы жетиштүү, болгону дүкөндөрдө гана калбай калган.

> «Ушундан улам бир кг кумшекер 100 сомго, мүшөгү 5 миң сомго чейин чыгып кеткен», – деди Ажикеев.

Эскерте кетсек, Россия менен Украинадагы кырдаалдан улам акыркы жумада өлкөдө калк арасында азык-түлүк коопсуздугуна тынчсыздануулар жаралган. Анткени Россия Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өнөктөш өлкөлөрүнө **дан эгиндерин** (буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрү) жана **кантты экспорттоого** сентябрга чейин [убактылуу тыюу салган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/11/rossiya-eaebdegi-n-kt-sh-lk-l-rg-dan-zhana-kant-eksporttoogo-tyjuu-saldy/). Натыйжада, Бишкектин бир катар чоң соода түйүндөрү да кээ бир суроо-талап көп азыктарга [чектөө киргизген](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/11/frunze-d-k-nd-r-tarmagy-kee-bir-azyktardy-satuuga-chekt-kirgizdi/).

Импортерлор болсо ассортименттин азайышы базардагы сатуучулардын аракетинен жана **жасалма түрдө жасалган ажиотаждан улам** келип чыгууда деп [билдиришти.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/15/importerlor-s-md-k-majynyn-zapasy-zhetisht-ekenin-bildirishti/)