> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктардын орточо айлык акысы бир айда 120 сомго кыскарды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/15/kyrgyzstandyktardyn-ortocho-ajlygy-bir-ajda-120-somgo-kyskardy/
- Published: 2022-03-15T10:21:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 129 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улутстатком билдирди.**

Өткөн айга салыштырмалуу орточо **номиналдык айлык акы 120 сомго азайган** – 2021-жылдын декабрь айында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 20 249 сом алышкан.

Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын январь айында **реалдуу эмгек акынын** деңгээлинин (инфляцияга карата) 0.8%га өскөнү байкалган.

> Белгилей кетсек, доллардын азыркы расмий курсу боюнча КРдагы орточо айлык маяна айына **192 долларды** түзөт.