> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ветеринардык дары-дармектердин 60% Россиядан келет
- URL: https://im.kg/all/2022/03/15/veterinardyk-dary-darmekterdin-60-rossiyadan-kelet/
- Published: 2022-03-15T11:11:01.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 14-марттагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=f5l8zjuAuVI) Ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо департаментинин директору Бектур Мурзабеков депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.** 

Анын айтымында, учурда ветеринардык дары-дармектер боюнча тартыштык катталган жок.

> «Ветеринардык дары-дармектер 60%ы Россиядан, ал эми калганы Нидерланд, Испания өлкөлөрүнөн, 20% Кытайдан келет», – деди Мурзабеков.

Белгилей кетсек, ветеринардык каражаттар КНСтен бошотулган.