> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ жарандардарды финансылык пирамидалардан сак болууга чакырат
- URL: https://im.kg/all/2022/03/16/iim-zharandardardy-finansylyk-piramidalardan-sak-boluuga-chakyrat/
- Published: 2022-03-16T11:04:07.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарды финансылык пирамидалардан сак болууга чакырат.** 

2022-жылдын 2 айында эле ИИМ тарабынан каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелген. Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. 

> Жабыркагандардын жалпы саны – 133 адамды түзгөн. Алдын ала келтирилген чыгым **61 млн сомдон** ашык болгон.

Андыктан ИИМ жеңил акчанын артынан түшкөн жарандардын аз убакыттын ичинде чоң дивиденттерди убада кылган шылуундарга алданып, карызга батып, акча берип келгенин эске алып, бир канча билдирүүлөрдү жасады. 

- Каржы пирамида – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Мында тартылган каражаттар боюнча, киреше жаңы катышуучуларды тартуу жолу менен төлөнүүчү схема болуп саналат.
- Алдамчылар, адатта, жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет.
- Алар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунушташат, алар супер рентабелдүү делген интернет-долбоорлорго, курулушка жана айыл чарбага инвестициялоого убада беришет.
- Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашыра алышат.
- Ак эмгек менен тапкан акчаңызды мындай уюмдарга салаардан мурда, кырдаалды кылдаттык менен баалаңыз. Суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок.
- Бул сиздин акчаңызды коргоо максатында болуп жатат жана эскерте кетүүчу нерсе, чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелчиликтерсиз болбойт.