> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат
- URL: https://im.kg/all/2022/03/16/kyrgyzstan-er-bd-n-algan-kreditke-kytajdan-avtobus-alat/
- Published: 2022-03-16T13:19:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) алган кредитке Кытайдан автобус алууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=IJl%5FbmApkB0) Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди.** 

Анын айтымында, ЕРӨБ тарабынан автобустарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерге ылайык, 6 мамлекетке тендердик документация жөнөтүлгөн.

> «Европага, Россия, Белорусия, Корея, Кытайга жөнөтүлгөн. Бирок Кытайдын 2 чоң компаниясынан гана кайрылуу келди. Наркы буга чейин болжолдонгон эле баада болду. Кытайдан башка өлкөлөр баанын өскөндүгүнө байланыштуу мындай баага, мындай көлөмдө бере албайбыз деп коюшту», – деди вице-мэр. 

Сазыкулов бул автобустар газ менен жүрөөрүн жана «Газпром» менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Депутат Дастан Бекешев газды алууда доллар менен эмес, сом менен келишим түзүүгө үндөдү. 

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) **25 млн еврону насыя** түрүндө жана **8 млн еврону грант** түрүндө берет. Бул каражатка борборго 250 автобус алуу каралууда.

Бул алына турган автобустарга Кыргызстан жыл сайын [2.8 млн евродон](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/21/kyrgyzstan-zhakynda-ala-turgan-avtobustarga-zhyl-sajyn-2-8-mln-evrodon-kredit-t-l-jt-dagy-karyz/) кредит төлөйт.