> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк бир катар акча алмаштыруу жайларынын лицензиясынын ишин токтотту
- URL: https://im.kg/all/2022/03/16/uluttuk-bank-bir-katar-akcha-almashtyruu-zhajlarynyn-licenziyasynyn-ishin-toktottu/
- Published: 2022-03-16T11:34:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин токтотту.** 

**I. 2022-жылдын 16-мартынан тартып 31-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына:** 

1\. Бишкек шаары, Манас проспекти 59-үй, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ариет финанс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы 

2\. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146, «С» дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ордо Финанс Плюс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 26-февралындагы № 6074 лицензиясы

3\. Бишкек шаары, Киев көчөсү 49 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Нурислам Лтд» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-декабрындагы № 6034 лицензиясы 

4\. Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 278-үй, №1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азамат финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 11-октябрындагы № 6206 лицензиясы 

**II. 2022-жылдын 16-мартынан тартып 25-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына:** 

1\. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 176А дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «АЯТ НУР» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 17-июлундагы № 5983 лицензиясы

2\. Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти 166-үй, №35 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Рашидик» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 6206 лицензиясы 

3\. Чүй областы, Аламүдүн айылы, Түндүк айланма жолу (н/ж) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Исхак жана Исаак» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 6033 лицензиясы 

4\. Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144/1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Интегро Ко» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 23-октябрындагы № 5941 лицензиясы

5\. Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 290 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Баймак Финанс» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 6104 лицензиясы.