> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды
- URL: https://im.kg/all/2022/03/17/bishkek-naryn-torugart-unaa-zholu-ubaktyluu-zhabyldy/
- Published: 2022-03-17T17:39:41.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн саат 10:30дар чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-293-чакырым аралыктарында (Долон ашуусу) кар көчкү түшүп, (көлөмү такталууда) жол убактылуу жабылганын ӨКМ маалымат кызматы билдирди.**

> Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн бийиктиги 8 метр, туурасы 12 метрди түзөт.

Жерине Нарын облустук башкармалыгынын куткаруучуларынан турган ыкчам тобу жана райондук бөлүмдүн башчысы, Жарандык коргоону кызматтары менен биргеликте иш алып барууда.

Ошондой эле жолду тазалоо максатында Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 8 кызматкер тартылган. Учурда жолду тазалоо иши жүрүүдө.