> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте май айында кыргыз-герман бизнес форуму өтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/03/17/bishkekte-maj-ajynda-kyrgyz-german-biznes-forumu-t-t/
- Published: 2022-03-17T15:24:31.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Май айында Бишкекте кыргыз-герман бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу КРнын Германиядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин Аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолугуу учурунда белгилүү болду.**

Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Германиянын 350дөн ашык орто жана ири компанияларын камтыйт жана 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азия мамлекеттери менен иш алып барат.

Жолугушуу учурунда кыргыз-герман кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык абал жөнүндө, анын ичинде Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу ой-пикир алмашуу болгон.

> Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын ишкерлеринин түздөн-түз байланышын арттыруу максатында 2022-жылдын май айында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүү тууралуу жана кыргыз-герман Ишкерлер Кеңешин түзүү маселеси талкууланды.

Элчи Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтык потенциалы толугу менен колдонулбай келерин жана дарамети чоң экенин баса белгиледи. Германия экономикасынын өкүлүнө Кыргызстанда өз ара пайдалуу проекттер тууралуу айтып, аларды чогуу ишке ашырууга чакырды.