> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк экономиканын өсүүсү басаңдайт – Дүйнөлүк банктын божомолу
- URL: https://im.kg/all/2022/03/17/d-jn-l-k-ekonomikalyk-s-basa-dajt-d-jn-l-k-banktyn-bozhomolu/
- Published: 2022-03-17T15:59:12.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи былтыркы өсүштөн кийин (2021-жылы 5.5%), 2022-жылы 4.1%га жана 2023-жылы 3.2%га чейин басаңдайт. Мындай божомолдор Дүйнөлүк банктын январь айындагы отчетунда айтылды.**

Аталган уюмдун аналитиги Айхан Косе COVID-19 экономикага дагы эле таасирин тийгизип жатканын, бирок климатка байланыштуу маселелер дагы бар экенин билдирди.

> «Булардын бардыгы базары жаңы гана калыптанып жаткан, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өтө чектелген мүмкүнчүлүктөрү менен айкалышканда, бул тобокелдиктер экономикалык активдүүлүктүн басаңдоо ыктымалдыгын жогорулатат», – деди ал.

Эксперттердин пикири боюнча, көбүрөөк мамлекеттердин экономикалык өсүү жолуна түшүүсү үчүн бүткүл эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттери жана ар бир өлкөнүн саясатында кеңири чаралар көрүлүшү зарыл.

Докладдын авторлору өзгөчө калкты эмдөө деңгээли төмөн өлкөлөрдө COVID-19 илдетинин жаңы очокторунун чыгышы мүмкүндүгүн да айтышты.