> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кумшекер 65 сомдон, өсүмдүк майы 124 сомдон сатылат – баалар белгиленди
- URL: https://im.kg/all/2022/03/17/kumsheker-65-somdon-s-md-k-majy-124-somdon-satylat-baalar-belgilendi/
- Published: 2022-03-17T10:18:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан чыгарылган кум шекердин жана өсүмдүк майынын баалары белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Белгилей кетсек, ички рынокту толтуруу максатында Министрлер кабинети рынокко товардык интервенция жүргүзүүгө буйрук берген.

> «Калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоо максатында, кум шекер рыногундагы баанын учурдагы абалын, минималдуу дүң бааларды эске алуу менен, кум шекердин **1 кг 65 сомдон** белгиленди», – деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми өсүмдүк майынын **1 литри 124.5 сомдон** сатылмакчы.